Астана жаңыча өнүгөт. Борбор калаанын 2035-жылга чейинки
Башкы планы бекитилди. Документ жаңы турак жай аймактары, жолдор, мектептер,
ооруканалар, коомдук жайлар жана транспорттук инфраструктура объекттери кайда
пайда болорун аныктайт. Жаңы чечимдердин зарылдыгы калктын өсүшү менен
байланыштуу. Болжолдоолор боюнча, 2035-жылга чейин Астанада 2 миллион 300 миң
адам жашай турган болот. Алардын дээрлик 60% эмгекке жарамдуу курактагылар. Бул шаар ичинде
күн сайын жүз миңдеген каттамдар жасалат дегенди билдирет. Транспорттук-өткөрүү түйүндөрү ири транспорттук
хабдарга айланат. Бул жерден автобустан LRTге, электр поездине же таксиге отурууга
болот. Ошондой эле велосипед жана электросамокат ижара пункттары каралат.
Биринчи этапта ар бир райондо бирден алты түйүн түзүлөт.
Гульдана
Абиш, «Астанагенплан» шаар куруу пландаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси:
– Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бул концепция колдонулат. Park
and Ride, транспорттук-алмашуу түйүндөрү, темир жол транспорту, Bus Lane,
автобустар жана таксилер пайдаланылат. Эгер биз транспорттук-алмашуу түйүндөрүн
эске алуу менен LRT системасын мындан ары да өнүктүрсөк, адамдар үчүн аны
колдонуу абдан ыңгайлуу болот. Алар унаасын токтотуп, андан ары LRTге отуруп,
шаардын борборуна чейин жете алышат.
Белгилей
кетсек, LRT ишке киргенден бери 3 миллиондон ашык жүргүнчүнү
ташыды. Азыр Косшы шаарына карай экинчи жеңил рельс жолу курулуп жатат. Аны
келерки жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Ошол эле учурда дагы бир
линияны куруу үчүн геологиялык изилдөөлөр башталды. Бул LRT курулушуна
даярдыктын алгачкы этаптарынын бири. Жаңы линиялардагы транспорт-өткөрүү
түйүндөрүнүн так жайгашкан жерлери долбоорлоо этабында аныкталат. Бирок
серепчилер алардын маанилүүлүгү жөнүндө азыртан эле айтып жатышат - ири
дүйнөлүк мегаполистердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, дал ушулар жаңы райондордун
өнүгүшүнө түрткү бере алат.
Гульдана
Абиш, «Астанагенплан» шаар куруу пландаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси:
– Шаардын үч негизги айланмасын өнүктүрүү, жалпы шаардык магистралдарды куруу зарыл. Андан ары, чоң жүргүнчү агымы бар жерлерге шаарга кирүүчү жерлерге акырындык менен транспорттук-жүргүнчүлөрдү топтоочу түйүндөрдү өнүктүрүү керек.
Которгон: Назира Бегалиева

