Казакстандын Президенти 2027–2029-жылдарга карата бюджеттин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Казакстандын Президенти 2027–2029-жылдарга карата бюджеттин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

Акордодо 2027–2029-жылдарга экономиканы өнүктүрүү жана бюджетти пландаштыруу талкууланды. Жолугушууну Казакстандын Президенти өткөрдү. Касым-Жомарт Токаевге учурдагы экономикалык кырдаал, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолу жана республикалык бюджеттин параметрлери боюнча баяндамалар сунушталды. Мамлекет башчысы жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүшкө жетишүүнүн, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоонун зарылдыгын баса белгиледи. Президент жакынкы үч жылга негизги артыкчылыктардын бири катары инфраструктуралык жана социалдык объектилерди алдын ала курууну атады.

Которгон: Назира Бегалиева