Казакстанда окуу маданияты өнүгүүдө

Казакстанда окуу маданияты өнүгүүдө

Казакстанда китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө басым жасалууда. Ушул жылдын бугу айында Президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү жарлыкка кол койгон. Бул ишке мектептер гана эмес, башкалар да киришиши керек. Жакында өткөн Август конференциясында Мамлекет башчысы коомдук ишмерлерди, журналисттерди жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн активдүү тартууга чакырды. Өлкөдө зарыл чаралардын комплекси ишке ашырылууда. Мисалы, «Балдар китепканасы» программасынын алкагында казак жана дүйнөлүк адабияттын ар кайсы доорлордогу, жанрлардагы 1770 чыгармадан турган тизмеси түзүлгөн. Ошондой эле, билим берүү процессине балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган ыкмалар киргизилүүдө. Негизги милдет – кичинекей кезинен китепке болгон кызыгууну жаратуу жана биргелешип китеп окууну үй-бүлөлүк салт кылуу.

Айгуль Осипова, Астанадагы С. Сейфуллин атындагы №80 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими:

– Биздин мектебибизде үй-бүлөлүк окуу салты жакшы өнүккөн. Балдар менен бирге ата-энелер да окууга активдүү катышышат. Алар дайыма бул ишке кошулуп, ойлорун бөлүшүп, балдарга ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам беришет.

Куляш Молдахметова, Казак радиосунун ардагери, кесипкой диктор:

– Бул жерде, китепканада, мен балдар менен белгилүү сааттарда окуйм: окууга болгон сүйүүнү өрчүтүү максатында аларга жомокторду окуп, ырларды жаттоого жардам берем. Анткени китеп – билимдин булагы. Окуу баланын өнүгүшүнө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана жаңы билимдерди алууга жардам берет. Эгер бала бул окууга кызыкса, анда анын алдында чындыгында эле чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Ошондой эле Казакстанда «Окуган улут» долбоору ишке ашырылууда. Ал окуу маданиятын калыптандырууга гана эмес, ата мекендик адабиятты колдоого жана коомдун интеллектуалдык дараметин жогорулатууга багытталган. Ошентип, анын алкагында өлкө боюнча окуу марафондору, адабий жолугушуулар, жазуучулардын чыгармачыл кечелери өткөрүлөт. Китепканаларды заманбап маданий жана интеллектуалдык жайлар катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөдө алардын санариптик мүмкүнчүлүктөрү да кеңейтилип, атайын коворкинг-зоналар түзүлүүдө. Мисалы, Кызылордада сутка бою иштеген өлкөдөгү үчүнчү Президенттик китепкана курулуп жатат.

Балжан Еркебаева, Улуттук академиялык китепканасынын окурмандарды тейлөө жана каттоо кызматынын башчысынын орун басары:

–  Жыл башынан бери Улуттук академиялык китепканабызга катталган жаңы окурмандардын саны 10 000ден ашты. Мурда бул көрсөткүчкө жетүү үчүн бир жыл же андан көп убакыт талап кылынчу, бирок азыр биз ага жети-сегиз айдын ичинде гана жетиштик. Окурмандарыбыздын ыңгайлуулугу үчүн биз заманбап коворкинг мейкиндигин ачтык. Ошондой эле, жакында өспүрүмдөр үчүн окуу залын ачууну пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков