Костанай облусунда ири шамал электр станциясы курулат

Костанай облусунда ири шамал электр станциясы курулат

Костанай облусунда кубаттуулугу 1000 мегаватт болгон ири шамал электр станциясы курулат. Долбоор кубаттуулугу 300 мегаватт болгон электр энергиясын топтоо тутумун камтыйт. Долбоордун инвестициялык көлөмү болжол менен 380 миллиард теңгени түзөт. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш 2027-жылдын жазында башталат, ал эми станцияны ишке киргизүү 2029-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу региондун энергетикалык инфраструктурасын бекемдөөгө, кошумча инвестицияларды тартууга жана 750 жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Станция ошондой эле Казакстандын энергетикалык балансында кайра жанма энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 15%га, ал эми 2050-жылга чейин альтернативдик энергия булактарын эске алуу менен 50%га жеткирүү пландалууда.

Ержан Ертаев, энергетика вице-министри:

–  Өкмөт долбоор боюнча инвестициялык келишимге кол коюуну жактырды. Анын алкагында 1000 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясы жана 300 МВт кубаттуулуктагы энергияны сактоочу система пайда болот. Курулуш этабында 700гө жакын жумуш орундары түзүлөт. Станция ишке киргенден кийин бул жерде 50гө жакын адис туруктуу иштейт. Жаңы объект аймактын энергетикалык инфраструктурасын бекемдеп, энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча түрткү берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков