Арал-Каспий магистралы Казакстандын эң ири инфраструктуралык долбоорлорунун бири болот. Жаңы автоунаа жолу дээрлик нөлдөн баштап курулат. Ал Хоргос жана Достык чек ара өткөрмө бекеттерин Актау жана Курык деңиз порттору менен байланыштырып, «Бир алкак – бир жол» эл аралык транспорттук каттамынын бир бөлүгүнө айланат. Бул долбоордун зарылдыгын транзиттик агымдын өсүшү да тастыктоодо. Учурда «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык транспорттук коридору аркылуу Казакстандын аймагынан күн сайын 10 миңден 15 миңге чейин автоунаа өтүүдө. Бул көрсөткүч баштапкы божомолдордон кыйла жогору. Курулуш башталганга чейин адистер комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Алар топурактын өзгөчөлүктөрүн, шамалдын багытын, жаныбарлардын көчүү жолдорун жана башка жаратылыш шарттарын иликтешкен. Алынган маалыматтардын негизинде жолдун ишенимдүүлүгүн камсыздап, пайдалануу мөөнөтүн узартуучу технологиялар тандалып алынган.
Саги
Садык уулу, «КазАвтоЖол» улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү:
– Биз жол катмарын бекемдөө үчүн ата мекендик атайын кошумчаларды жана материалдарды колдонууну пландап жатабыз. Ошондой эле жолдун капиталдык оңдоого чейинки мөөнөтүн узартууну көздөйбүз. Учурда жолдун үстүнкү катмары шагыл-мастикалык асфальт-бетондон турат. Аны төшөөдө Superpave жана KazPave технологияларын колдонуу пландалууда. Бул технологиялар жакшыртылган модификацияланган битумду пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Жалпы узундугу 1 миң 600 чакырымдан ашкан үч жаңы магистраль — Бейнеу – Саксаулск, Кызылорда – Саксаулск жана Улгайсын – Саксаулск курулат. Анын 650 чакырымы Казакстандын Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, курулуш иштери башталган. Дагы 900 чакырымга жакын бөлүгүн эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен ишке ашыруу пландалууда. Бул аймактардын курулушу кийинки жылы башталат. Магистралдын боюнда көпүрөлөр, жол өткөрмөлөрү, суу өткөрүүчү курулмалар, эс алуу жайлары жана жол боюндагы тейлөө объектилери курулат. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугу заманбап санариптик мониторинг системалары аркылуу камсыздалат.
Которгон:
Назира Бегалиева

