Казакстан ШКУ өлкөлөрүн соода, транспорт жана санариптик кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды

Казакстан ШКУ өлкөлөрүн соода, транспорт жана санариптик кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды

Казакстан ШКУ өлкөлөрүн жасалма интеллектти жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүүдө күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырат. Жаңы демилгелерди Тажикстандын борбору Душанбеде өткөн уюмдун өкмөт башчыларынын жыйынында премьер-министр Олжас Бектенов сунуштады. Ошондой эле, өлкө соода тоскоолдуктарын жоюуну, процедураларды жөнөкөйлөтүүнү, улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү кеңейтүүнү жактайт. Премьер-министрдин айтымында, алардын үлүшү Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен болгон чек арадагы төлөмдөрүндө дээрлик 70 пайызга жеткен. Дагы бир маанилүү багыт болуп транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү саналды. Астана «Бир алкак, бир жол» демилгесин региондун транспорттук коридорлору менен байланыштырууну жана 2035-жылга чейин бирдиктүү транспорттук системаны түзүүнүн багыттарын аныктоону сунуштайт. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Казакстан санариптик чөйрөдө да кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр. Өлкөбүз ШКУнун алкагында жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштады. Жыйындын жыйынтыгында соода, транспорт жана өнөр жай долбоорлору боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Алардын арасында эл аралык мультимодалдык жүк ташууларды өнүктүрүү үчүн ШКУнун санариптик платформасын түзүү концепциясы боюнча Кеңештин чечими бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков