Казакстан менен Өзбекстан
аймактар аралык кызматташтыктын жаңы механизмин ишке киргизди. Эки өлкөнүн
президенттеринин чечими менен соода-экономикалык, инвестициялык жана чек арага жакын
аймактардагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган аянтча катары аймактар
башчыларынын кеңеши иштей баштады. Кеңештин алгачкы жыйыны Актау шаарында эки
өлкөнүн Премьер-министрлери – Олжас Бектенов жана Абдулла Ариповдун
катышуусунда өттү. Тараптар өнөр жай кооперациясына жана
транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Казакстан менен Өзбекстан Евразиянын негизги транспорттук каттамдары кесилишкен
жерде жайгашкандыктан, транзиттик дарамети жогору өлкөлөр болуп саналат. Анын ичинде
«Түндүк – Түштүк» жана Трансафган коридорлору менен байланышкан Транскаспий эл
аралык транспорттук маршруту да бар. Өткөн жылы Актау жана Курык порттору
аркылуу эле 8 миллион тонна жүк өткөрүлдү. Кеңештин биринчи жыйынынын
жыйынтыгында аймактар ортосунда меморандумдарга жана жалпы суммасы 80 миллиард
теңгеден ашкан коммерциялык келишимдерге кол коюлду.
Олжас
Бектенов, Казакстан
Республикасынын Премьер-министри:
– Биз Өзбекстан менен
стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз.
Аймактар жетекчилеринин кеңешинин түзүлүшү мамлекет башчыларынын ортосундагы
жигердүү диалогдун мыйзам ченемдүү уландысы болуп, аймактар аралык
кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Аймактар
ортосундагы түз байланыштарды бекемдөө соода-инвестициялык кызматташтыкты
мындан ары кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт. Кеңештин ишмердүүлүгү Касым-Жомарт
Токаев менен Шавкат Мирзиёев алдыга койгон өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10
миллиард долларга жеткирүү максатына олуттуу салым кошот деп ишенем.
Которгон: Назира Бегалиева

