Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Египеттин Президенти Абдель Фаттах ас-Сисини жана анын мекендештерин улуттук майрамы - Революция күнү менен куттуктады. Казакстандын Президенти өз телеграммасында Казакстан менен Египеттин ортосундагы достук мамилелер эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берерине ишеним билдирди. Касым-Жомарт Токаев кесиптешине мамлекеттик милдеттерин аткарууда ийгиликтерди, ал эми Египеттин жарандарына бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

