Эл аралык коомчулук
шайлоонун жыйынтыгын таанып, алардын улуттук мыйзамдарга жана коюлган бардык
талаптарга толугу менен шайкеш келгенин тастыктады. Бул тууралуу бүгүн
Касым-Жомарт Токаев Август конференциясынын пленардык жыйынында айтты.
Президент Курултайга болгон алгачкы шайлоолор мурда болуп көрбөгөндөй жогорку
деңгээлде уюштурулганын баса белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин
өзгөчө белгиледи. Шайлоо
процессине заманбап чечимдер, анын ичинде сапатын жогорулаткан жасалма
интеллект технологиялары киргизилип жатканын кошумчалады. Бир палаталуу Курултайдын биринчи сессиясынын
датасы Мамлекет башчысы тарабынан белгиленди. Тиешелүү жарлыкка кол коюлду.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
– Шайлоо өнөктүгү учурунда өлкөнүн
келечегине түздөн-түз таасир эте турган көптөгөн конструктивдүү сунуштар
айтылды. Шайлоочулар да бул ишке четте калбай, бардык маселелер боюнча өз
пикирлерин ачык билдиришти. Үгүт иштери учурунда муну жалпы улуттук
телекөрсөтүү дебаттарында жана маалымат мейкиндигиндеги ачык талкууларда
байкадык. Ошентип, коомдо өз ара сыйлоо, жоопкерчилик жана пикирлердин
плюрализми баалуулуктары тамыр
алып, жаңы саясий маданият калыптанууда.
Которгон: Назира
Бегалиева

