Вице-президент Ерлан Карин ички саясаттын артыкчылыктуу багыттарын атады

Вице-президент Ерлан Карин ички саясаттын артыкчылыктуу багыттарын атады

Мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын вице-президент Ерлан Карин белгиледи. Социалдык тармактардагы баракчасында ал мамлекет башчысынын реформалар боюнча стратегиялык курсунун негизин конституциялык баалуулуктар түзөрүн билдирди. Бул укук үстөмдүгү, биримдик жана ынтымак, билим жана илимди өнүктүрүү, ошондой эле айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу жөнүндө сөз болуп жатат. Ошол эле учурда, жарандарга Баш мыйзамдын жоболорун активдүү түшүндүрүп, бул баалуулуктарды жайылтуу маанилүү. Экинчи багыт - жаңы коомдук этика. Анын өзөгүн жүрүм-турум маданияты жана чыгармачылык мамиле түзөт. Бул жерде «Мыйзам жана тартип», «Таза Казакстан» жана «Адал азамат» принциптери жетекчиликке алынат. Бул үчүн жаңы форматтагы иштер талап кылынат. Мисалы, «Таза Казакстан» президенттик демилгесин кеңейтүү бирдиктүү санариптик платформаны түзүү аркылуу ишке ашат, ошондой эле улуттук тазалык стандартын жана аймактардын рейтингин киргизүү сунушталат. Үчүнчү артыкчылык - адам капиталын өнүктүрүү. Анын негизги милдети - билим, илим, инновация жана технология аркылуу өсүү үчүн шарттарды түзүү. «Казакстан балдары», «Окуган улут» жана «Digital Qazaqstan» долбоорлору жетекчиликке алынат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков