Казакстан менен Монголия соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүнү көздөп жатышат

Казакстан менен Монголия соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүүнү көздөп жатышат

Казакстанменен Монголия өз ара соода көлөмүн 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүүнүпландап жатышат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын10-жыйынында айтылды. 2025-жылы соода алмашуу 8%га жакын өсүп, 133,5 миллиондолларды түзгөн. Анын 123 миллион доллары казакстандык экспортко туура келет.Казакстан тарабы эми Монголияга айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүүнүкөздөйт. Бул жаатта кайра иштетилген жана кошумча наркы жогору өнүмдөрбасымдуулук кылат. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштардынөнүгүшүнө 2026-жылдын теке айынын 22де күчүнө кирген Евразия экономикалыкбиримдиги менен Монголия ортосундагы убактылуу соода келишими да таасиринтийгизет.


Айдарбек Сапаров, айыл чарба министри:


–  Үстүбүздөгү жылдын 7 айындаАгроөнөржай комплексинин товар айлануусу 11 пайызга өсүп, 15,3 миллион АКШдолларына жетти. Дагы эле алдыда чоң дарамет бар. Биз соода көлөмүн арттырууменен гана чектелбей, өнүмдү бирге иштетүүгө, өндүрүштөрдү ачууга жана кошумчанаркы жогору өнүм чыгарууга кызыкдарбыз. Ошондуктан эки тарапка тең пайдалууконкреттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүп, аларды мамлекеттикоргандардын деңгээлинде кароону сунуштайбыз.


Которгон:Илгиз Жамалбеков