Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Казакстанга биринчи
расмий сапары менен келди. Касым-Жомарт Токаев муну тарыхый окуя деп атады.
Расмий тосуп алуу аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өттү. Келерки жылы
эки өлкө дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Казакстан
менен Лаос эл аралык деңгээлде тыгыз кызматташат жана эки тарап өнөктөштүктү
кеңейтүүнү көздөп жатышат. Мамлекет башчылары бул тууралуу тар жана кеңейтилген
форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулашты. Казакстандын президентинин
айтымында, Лаос өлкө үчүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү, ишенимдүү өнөктөш
болуп саналат. Казакстан Лаос
рыногуна металлургиялык, азык-түлүк, мунай химиялык, айыл чарба, химиялык, унаа
жасоо
жана фармацевтикалык өнүмдөрду
жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр. Транспорт жана логистика жаатындагы кызматташуу да
талкууланды.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Казакстан Лаосту Түштүк-Чыгыш Азиядагы
маанилүү өнөктөш катары карайт. Биз санариптештирүү, транспорт жана логистика,
тоо-кен казып алуу, айыл чарба жана башка тармактардагы кызматташтыкты
бекемдөөгө кызыкдарбыз. Биз Казакстан менен Лаостун ортосундагы
соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү колдойбуз жана аны
мамилелерибизди андан ары чыңдоо үчүн маанилүү негиз катары карайбыз.
Касым-Жомарт
Токаев ошондой эле Лаос компанияларын 90дон ашык өлкөдөн 6000ден ашык
компанияны бириктирген АЭКБнын артыкчылыктарын активдүү пайдаланууга чакырды. Платформа
Казакстанга 27 миллиард доллар инвестиция тарткан. Тараптар туризм жана
гуманитардык тармактарда, айрыкча эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы
кызматташтыкты бекемдөө, академиялык алмашууларды кеңейтүү, биргелешкен
кадрларды даярдоо жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Лаостун
президенти өз кезегинде Казакстанга болгон сапары эки тараптуу мамилелерди
өнүктүрүүдөгү маанилүү этап экенин баса белгиледи. Тхонглун Сисулит ошондой эле
Казакстандын Лаос үчүн кадрларды даярдоодогу жардамы жөнүндө баса белгиледи.
Тхонглун
Сисулит, Лаос Президенти:
–
Жүздөгөн
Лаос жарандары Казакстанда билим алып, окуу жайларын бүтүрүшкөн. Бүгүнкү күндө
алардын көбү мамлекеттик кызматта иштешет, ишкерлер болуп саналат жана
борбордук, жергиликтүү деңгээлде жетекчилик кызматтарды ээлешет. Алардын баары
окуу учурунда колдоо жана жардам
көрсөткөн Казакстанды жылуу сезим менен эскеришет.
Сүйлөшүүлөрдүн
жыйынтыгында мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты андан ары
кеңейтүүгө кызыкдар экендигин тастыктаган биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Тараптар тышкы иштер министрликтеринин, прокуратура органдарынын жана жасалма
интеллект боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө, ошондой эле эки борбор шаар – Астана
менен Вьентьяндын ортосунда бир туугандык мамилелерди түзүү жөнүндө төрт
меморандумга кол коюшту.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

