Казакстандын президенти Мюнхенде Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев кечээ Германиянын президенти жана канцлери менен жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлор менен толтуруу зарылдыгын баса белгилеп, бул жаатта Бавария өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары караларын кошумчалады. Аймактын технологияларын мамлекеттин өнөр жайы жана ресурстары менен айкалыштырууда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми транспорттук байланыштарды өнүктүрүү Казакстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Өз кезегинде Маркус Зёдер Казакстан менен мындан ары кызматташуу үчүн жаңы өсүү багыттарын издөө ниетин билдирип, Казакстанда иштеген бавариялык компанияларга көрсөткөн колдоосу үчүн Казакстандын президентине ыраазычылык билдирди.
Парламенттер аралык кызматташтык, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин Касым-Жомарт Токаев Бавария Ландтагынын Төрайымы Ильзе Айгнер менен талкуулады. Мамлекет башчысы кечээ Берлинде Германиянын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жана жемиштүү мүнөзүн белгилеп, дүйнөдөгү үчүнчү экономика болгон Германия Казакстандын Европада да, анын сыртында да стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
Касым-Жомарт Токаев Бавариянын премьер-министринин орун басары – экономика, аймактык өнүктүрүү жана энергетика министри менен жолугушту. Мамлекет башчысы Хуберт Айвангерге Мюнхенде өткөн технологиялык форумду жылуу кабыл алганы жана өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар түз ишкердик байланыштарды кеңейтүү, өз ара сооданы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жогорку технологиялар, өнөр жай, энергетика жана инновациялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Хуберт Айвангер эки өлкөнүн экономикаларынын өз ара толуктап туруучу мүнөзүн белгилеп, бул бавариялык компаниялар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

