Токой массивдерин мындан ары калыбына келтирүүнү, улуттук
парктардын инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана калдыктарды кайра иштетүү аркылуу
жабык цикл экономикасын түзүүнү камсыз кылуу. Бүгүн Казакстандын Президенти
экология жана жаратылыш ресурстарынын жаңы министри Алибек Куантыровго ушундай
негизги милдеттерди койду. Касым-Жомарт Токаев Астана, Алматы, ошондой эле
Шымкент шаарларында калдыктарды энергетикалык жол менен иштетүүчү заводдорду
куруунун келечегине өзүнчө токтолуп, бул тажрыйбаны башка аймактарга жайылтууну
белгиледи. Мындан тышкары, жолугушууда экологиялык маданиятты жогорулатуунун
жана «Таза Казакстан» демилгесин мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса
белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

