Казакстандын
Президенти маанилүү материалдар тармагын, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана
сейрек кездешүүчү жер металлдарын өнүктүрүү маселелери боюнча Коопсуздук
кеңешинин жыйынын өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев ресурстук жана
өндүрүштүк потенциалы боюнча Борбордук Азияда Казакстандын алдыңкы ордун баса
белгиледи. Президент белгилегендей, бул мамлекеттин кызыкчылыгында
пайдаланылышы керек, айрыкча дүйнөдө запастарга жетүү үчүн атаандаштык күчөп
жаткан учурда. Бүгүнкү
күндө критикалык материалдар жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүүдө
колдонулат. Касым-Жомарт Токаев Казакстан өзүнүн потенциалын натыйжалуу
пайдаланып, геологиялык чалгындоо жана ресурстарды өздөштүрүүдөн баштап, кайра
иштетүү жана лабораториялык, кадрдык базаны түзүүгө чейинки өз өндүрүштүк
чынжырларын ырааттуу өнүктүрүшү керектигин баса белгиледи. Жыйындын соңунда
мамлекет башчысы өкмөткө тармакты өнүктүрүү, жөнгө салууну өркүндөтүү жана
техногендик минералдык түзүлүштөрдү экономикалык жүгүртүүгө тартуу боюнча
тапшырма берди.
Которгон: Назира Бегалиева

