Казакстан кардиналдуу модернизация жолуна түштү. Бул тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаев куткаруучуларды сыйлоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, коомдун бардык чөйрөлөрүндө масштабдуу реформалар жүргүзүлүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өлкө алдында так, ачык максаттар жана милдеттер турат. Биз биримдикте Адилеттүү, алдыңкы, күчтүү жана таза Казакстанды куруп жатабыз, мында «Мыйзам жана Тартип» принциби, биримдик, ынтымак өкүм сүрүшү керек. Элдин жалпы колдоосуна ээ болгон жаңы Конституция теке айынын 1де мыйзамдуу күчүнө кирди. Бул окуя тарыхый болду. Биздин Конституция дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чоң кызыгууну жаратты. Келечекке жол ачкан жана биздин улутубуздун бекем багыты болуп кызмат кылган Баш мыйзам мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы жүзүн тапты. Конституцияда Адам жана анын өмүрү эң жогорку баалуулук экени так бекитилген.
Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу тутуму терең өзгөрүүлөрдүн аркасында толугу менен жаңыланды деп баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өлкөдө бир палаталуу Курултай иштей баштады. Конституциялык макамы бар жогорку кеңеш берүүчү орган болгон Казакстан Элдик Кеңеши да ишин баштады. Коопсуздук Кеңешинде реформа жүргүзүлдү. Жакында бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоо өтөт. Учурда менин тапшырмам боюнча Куралдуу Күчтөрдү реформалоо жана жаңы үлгүдөгү армияны түзүү иштери башталды. Казакстандын армиясы алдыңкы, күчтүү, заманбап талаптарга жооп берген жана ар кандай коркунучтарга бөгөт коюуга даяр болушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

