Jibek Joly телеканалында партиялар «Мыйзам жана тартип» принциби боюнча өз көз караштарын тартуулашат

Jibek Joly телеканалында партиялар «Мыйзам жана тартип» принциби боюнча өз көз караштарын тартуулашат

«Мыйзамдын үстөмдүгү - адилеттүү коомдун негизи» - бүгүн ушул темага арналган теледебаттар «Jibek Joly» телеканалынын түз эфирде көрсөтүлөт. Эске салсак, аталган телеканал Казакстандын Президентинин Телерадио комплексинин курамына кирет. Кечээ телеканалдын эфиринде Курултайдагы мандаттар үчүн ат салышып жаткан жети партиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жеребе тартуу аземи өттү. Анын жыйынтыгында саясий бирикмелер төмөнкүдөй тартипте сөз сүйлөй турган болду: Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия, «Адилет» партиясы, Казакстандын Элдик партиясы, «Айыл», «Байтак» жана Respublica партиялары. Саясат таануучулардын айтымында, талкуу саясий бирикмелердин негизги маселелер боюнча позициясын гана эмес, шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга канчалык даяр экенин да көрсөтөт. Партиялар «Мыйзам жана тартип» принцибин ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтып, ошондой эле Курултайдагы ишмердүүлүгү учурунда аткарууга даяр болгон бир конкреттүү милдеттенмесин билдириши керек.

Мариягуль Кусаинова, саясий технолог:

– «Мыйзам жана тартип» концепциясы партиялар үчүн өз позициясын, жеке имиджин жана программасын калыптандырууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде көрүүчү «тигил же бул ишти жасайлы, баарыбыз биргеликте ага жетели» деген чакырыктарды гана эмес, партиялар ага кандай жол менен жетүүнү сунуштап жатканын, кандай каражаттарды колдонорун жана кайсы ченемдик-укуктук актыларга таянарын да көрөт. Алар эмнени өзгөртүүнү кааларын жана ишти эмнеден баштоо керектигин көрсөтүшөт.

Которгон: Назира Бегалиева