Казакстандын вице-президенти жана Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү конституциялык реформанын жыйынтыктарын талкуулашты. Эдуардс Стипрайс менен жолугушууда Ерлан Карин жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу өлкөнү ырааттуу модернизациялоонун уландысы жана саясий системаны жаңыртуунун негизи болгонун белгиледи. Ошондой эле, ал конституциялык баалуулуктар Президент Касым-Жомарт Токаевдин реформалардын стратегиялык багытынын негизин түзөрүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

