Сеулда Казак маданияты жана салттары көрсөтүлдү

Сеулда Казак маданияты жана салттары көрсөтүлдү

Президент Касым-Жомарт Токаев жана Улуттук Ассамблеянын спикери Чо Чжон Шик Ханган паркындагы казак этноайылына барышты. Жогорку коноктор казак элине арналган боз үйгө жана «Жети казына» инсталляциясына көз жүгүртүштү. Программанын көрүнүктүү бөлүгү болуп «Бирлик» ансамблинин жана Казакстандын корей театрынын балет труппасынын «Достук» символикалык бийин аткаруусу болду. Касым-Жомарт Токаевге жана Чо Чжон Шикке жаа атуу боюнча мастер-класс да көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө парктын үстүнөн эки өлкөнүн мамлекеттик желектери бар дрондор, ошондой эле «Казакстан – Корея бирге жаркын келечекке умтулат» деген жазуусу бар дирижабль учурулду. Андан соң Президент Түштүк Кореяда окуган жана иштеген казакстандыктар менен баарлашты. Касым-Жомарт Токаев мекендештерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ал эми мекендештер өздөрүнүн жетишкендиктери жана пландары менен бөлүшүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков