Казакстан менен Германия транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Германия транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Германиянын Rhenus Group компаниясы транспорт жана логистика тармагында жаңы биргелешкен долбоорлорго өтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев жана компаниянын башкармалыгынын төрагасы Тобиас Бартц Берлиндеги жолугушууда сүйлөшүштү. Негизги басым Транскаспий багытына жасалды. Тараптар портторду, терминалдарды, темир жол инфраструктурасын жана санариптик кызматтарды өркүндөтүүнү көздөшөт. Бул ташуулардын ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Мындан тышкары, компания Казакстандын башка инфраструктуралык демилгелерине да катышуусун карайт.


Тобиас Бартц, Rhenus Group компаниялар тобунун башкаруу кеңешинин төрагасы:


– Мен бул маселени талкуулоого жана анын колдоосун алууга мүмкүнчүлүк берген Президентке ыраазычылык билдирем. Жалпысынан биз 14 терминал түзүүнү пландап жатабыз. Бул тармак Өзбекстандан Казакстан жана Азербайжан аркылуу Түркияга чейин созулуп, ал жерде биздин инфраструктура менен байланышат. Европада биз 23 контейнердик терминал жана жалпысынан 70 порт аянтчасы менен иштейбиз. Биз Казакстанды, бүт Борбордук Азияны Европадагы логистикалык тармагыбыз менен байланыштыргыбыз келет.


Казакстандын темир жол тармагын өнүктүрүү тууралуу мамлекет башчысы Deutsche Bahn тобунун жетекчилери менен сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев концерндин тармакты модернизациялоого кошкон салымын жана жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишин белгиледи. Өлкө ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү Deutsche Bahnдын жеткирүү чынжырына кошууга, анын ичинде тиешелүү сертификациядан өтүү аркылуу кызыкдар. Жүк ташууда DB Cargo Eurasia менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар контейнердик ташууларды өнүктүрүп, Ортоңку коридорго өзгөчө маани беришүүдө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин тастыкташты.


Которгон: Илгиз Жамалбеков