Казакстанда жасалган ракка каршы дары акыркы сыноо этабына өтүүдө

Казакстанда жасалган ракка каршы дары акыркы сыноо этабына өтүүдө

Казакстанда залалдуу шишикке каршы жаңы казакстандык дары-дармекти клиникалык сыноолордон өткөрүүнүн акыркы этаптары өтүп жатат. Анын аракети рак клеткаларын жок кылууга алып келген кычкылдандыруучу стрессти күчөтүүгө негизделген. Азыркы учурда окумуштуулар натыйжага жетүү үчүн дары-дармектин оптималдуу курамын жана дозасын тандап жатышат. Бирок, анын эффективдүүлүгү тууралуу акыркы жыйынтыктарды бейтаптардын натыйжаларын талдоодон кийин гана чыгаруу пландалууда. Онкология тармагындагы иштеп чыгуулар жана башка жетишкендиктер борбордо өткөн эл аралык илимий конференцияда талкууланды. Катышуучулар ракты диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларына, анын ичинде тераностика жана иммунотерапияга өзгөчө көңүл бурушту.

Дос Сарбасов,  National Laboratory Astana  башкы мүдүрү, Назарбаев университетинин профессору:

–  Азыр биз чындап умтулуп жаткан нерсе - бул күчтүү эффект. Цитостатик деп аталган өсүүнү ошондой эле көбөйүүнү индукциялоочу жана бөгөт коюучу дары бар. Мындан тышкары, рак клеткаларын өлтүрүүчү цитотоксик дары бар. Биздин дары атайын рак клеткаларын жок кылуу үчүн иштелип чыккан. Азыр биз ушул багытта иштеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков