Казакстан менен Германия 2 миллиард долларлык 30дан ашык келишим түздү

Казакстан менен Германия 2 миллиард долларлык 30дан ашык келишим түздү

Президент Касым-Жомарт Токаев Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар Казакстан менен Германиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөөгө бекем берилгендигин билдирип, эки өлкөнүн өкмөттөрү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү шарттарын иштеп чыгаарын баса белгилешти. Сүйлөшүүчү тараптар эл аралык уюмдардын алкагында, анын ичинде «Борбор Азия – Германия» форматында кызматташтыкты активдештирүүгө макулдашышты. Мамлекет башчысы 21 жыл ичинде Казакстанга Германиянын инвестицияларынын көлөмү 8 миллиард долларды түзгөндүгүн баса белгилеп, инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлдө экендигине ишендирди. Учурда биргелешкен инвестициялык портфелде 54 миллиард долларлык 40 өнөр жай долбоору бар.

 

Жалпысынан алганда, сүйлөшүүлөрдүн алкагында 2 миллиард долларга жакын суммага 30дан ашык коммерциялык документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Казакстандын президенти маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөргөн брифингинде жыйынтыктоо учурунда билдирди. Касым-Жомарт Токаев жана Фридрих Мерц сүйлөшүүлөр жемиштүү өткөнүн белгилешти – алар өлкөлөр ортосундагы байланыштарды мындан ары бекемдөөгө жол ачат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


–  Германия – бул эл аралык аренада абдан кадыр-барктуу мамлекет. Ошондуктан мен бул өлкө менен жаңы келишимдерге жетишүү үчүн чоң үмүт, чоң күтүүлөр менен келдим. Жогоруда белгилегендей биз бул келишимдерге жетиштик, эми бул келишимдерди туура ишке ашыруу, аткаруу милдети турат. Ошондуктан келечекке болгон көз карашым абдан позитивдүү. Биз дагы чоң ийгиликтерге жетишебиз деп толук ишенем.


Фридрих Мерц, Германия Канцлери:


–  Бир катар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду жана дагы бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Биз орто бизнес өкүлдөрү катары Казакстан менен, бизди жемиштүү эки тараптуу мамилелер байланыштырган өлкө менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатабыз. Негизги кызыкчылыктарыбыздын бири — Казакстандан мунай жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр. Биз чийки заттын булактарын диверсификациялап жатабыз, жана бул жерде айта кетүү керек, Казакстан аталган аймактык мейкиндикте абдан маанилүү элемент болуп саналат. Мындан тышкары, «Борбор Азия+1» форматы тууралуу да сөз болду. Анын алкагындагы кийинки жолугушуу 2027-жылдын башына пландалууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков