К. Токаев Е. Рыбакинаны дүйнөнүн биринчи ракеткасы наамына ээ болушу менен куттуктады

К. Токаев Е. Рыбакинаны дүйнөнүн биринчи ракеткасы наамына ээ болушу менен куттуктады

Казакстандын Президенти Елена Рыбакинаны дүйнөнүн биринчи ракеткасы болгондугу менен куттуктады. Теннисчи карьерасында биринчи жолу WTA рейтингинде биринчи орунду ээледи. Касым-Жомарт Токаев бул жетишкендикти казакстандык спорт үчүн тарыхый деп атап, Елена Рыбакинанын анын өнүгүшүнө жана жайылтылышына кошкон салымын белгиледи. Мамлекет башчысы теннисчинин өзгөчө талантын, эбегейсиз эмгекчилдигин жана өзүнө болгон ишенимин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Елена Рыбакинага чемпиондук титулун сактап, жаңы жетишкендиктерге ишенимдүү кадам таштоону каалады.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Бул тарыхый жетишкендигиңиз менен сиз казакстандык спортту даңазалап, дүйнөлүк теннис тарыхына ысымыңызды жаздыңыз. Сиздин жолуңуз өлкөбүздүн миңдеген жаш спортчуларына жана планетанын бардык булуң-бурчундагы миллиондогон теннис күйөрмандарына шыктандыруучу үлгү болуп берет. Сотто жана коомдук жайларда ар кандай адамдар менен баарлашууда сиздин жогорку маданияттуулугуңузду белгилей кетпесем болбойт, бул сиздин интеллектиңизди жана тарбияңызды айгинелеп турат.

АКШнын ачык чемпионатында жарым финалга чыккан соң, Елена Рыбакина жогорку наамга ээ болду. Чейрек финалда ал кытайлык Чжэн Циньвэньди утуп алды. Ушул жеңиштен кийин ал атаандаштарынын кийинки оюндарына карабастан тарыхый жыйынтыкты камсыз кылды. Белгилей кетсек, рейтингдин расмий жаңыртылышы аяк оона айынын 14дө болот. Елена Рыбакина дүйнөлүк жеке рейтингдин сап башына чыккан биринчи казакстандык теннисчи болду.

Елена Рыбакина, теннисчи:

–  Бул тарыхый учур, жана мен Казакстанды көрсөтүп жатканыма абдан сыймыктанам. Өлкөгө кайтып келген сайын, кайсы шаарга барбасам да, тенниске көптөгөн балдардын машыгып жатканын көрөм. Теннис аянтчаларына барган сайын көбүрөөк жаштар келип жатат, бул абдан таң калыштуу. Канчалаган жаштар сенден үлгү алып жатканын көрүү абдан жагымдуу. Бул өзүңө ишенсең жана талыкпай эмгектенсең, баары мүмкүн экенин далилдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков