Казакстан Борбор Азияда инвестицияларды
тартуу боюнча лидерлигин сактап келүүдө. ЭСКАТОнун маалыматы боюнча, өткөн жылы
республика greenfield-долбоорлоруна 19 миллиард доллар инвестиция тарткан. Бул
региондогу жаңы өндүрүштөргө салынган жалпы салымдын дээрлик 90% түзөт. Өлкөнүн
өкмөтү белгилегендей, жалпысынан түз чет элдик инвестициялардын жалпы агымы
14%дан ашык өсүп, 20,5 миллиард долларды түздү. Негизги көлөм соода, кайра
иштетүүчү өнөр жай жана тоо-кен тармагына туура келген. Казакстанга эң ири
инвесторлор Нидерланды, Орусия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Сингапур
болду. Алардын капиталы ири өнөр жай, инфраструктуралык жана жогорку
технологиялуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Өкмөт мындай
жыйынтыктарга системалуу реформалардын, долбоорлорду ыкчам коштоп жүргөн
инвестициялык штабдын ишинин, ошондой эле инвестициялык келишимдер механизминин
аркасында жетишилгенин белгилейт. Алар 60 миллион доллардан ашык долбоорлор
үчүн 25 жылга чейинки мыйзамдын туруктуулугуна кепилдик беришет. Учурда мындай
62 келишим түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

