Стокгольмдогу Нобель китепканасына казак жазуучуларынын 15 китеби белекке берилди. Демилгени казакстандык журналист жана акын Дүйсаналы Алимакын көтөргөн. Ал Швеция академиясынан чакыруу алган. Өзүнүн китепканасынан тандалып алынган казак адабиятынын жаркын үлгүлөрүн илимий сапарга алып барды. Алардын арасында Улуу Абайдын англис тилиндеги чыгармалары жана Ильяс Жансүгуровдун «Кулагер» поэмасы, ошондой эле Таласбек Асемкуловдун испан тилине которулган «Талтус» романы бар. Бул мамлекеттик «Китеп окуган улут» программасынын алкагында казак адабиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга жасалган маанилүү кадам.
Дүйсанали Алимакын – казакстандык журналист, акын:
– Нобель китепканасынын китепканачысы Ларстын айтымында, мындай асыл демилге эки өлкөнүн тарыхын жана маданиятын байланыштырган кандайдыр бир көпүрө болуп калат. Ошондой эле, анын пикиринде чет элдик окурмандарга айрыкча Швециядагы жана Түндүк Европанын башка да өлкөлөрүндө казак адабияты менен жакшыраак таанып-билүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

