Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Колумбиянын президентине өлкөдө болгон кыйраткыч жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айткан телеграмма жөнөттү. Казакстандын президенти каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, дайынсыз жоголгон жарандардын үй-бүлөлөрү менен тез арада табышуусуна үмүт артты. Белгилей кетсек, Колумбиянын президенти Абелардо де ла Эсприэлья өлкөдө 7,4 баллдык жер титирөөдөн кийин өзгөчө абал жарыялаган. Анын айтымында, бийликтегилер адамдарды куткаруу жана жабыркаган аймактарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушту. Издөө-куткаруу иштери күнү-түнү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча 130дан ашуун адам каза таап, беш жүздөн ашуун адам жаракат алган.
Которгон: Назира Бегалиева

