Насос жабдуулары боюнча аймактык тейлөө жана инженердик борборду Алатауда немис Wilo компаниясы ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев жана компаниялар тобунун башкармачылыгынын төрагасы Оливер Гермес жолугушууда сүйлөшүштү. Жаңы объект компаниянын Казакстандагы ишинин уландысы болот. «Вилонун» өндүрүштүк комплекси Алматы облусунда буга чейин эле иштеп жатат. Эми компания жергиликтүү компоненттердин үлүшүн көбөйтүү жана ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү аркылуу локализацияны тереңдетүүнү көздөйт. Ошол эле учурда «Вило» жергиликтүү инженердик компаниялар жана университеттер менен кызматташууну пландап жатат. Артыкчылыктуу багыттар - адистерди даярдоо, тейлөөнү өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди киргизүү болуп саналат.
Йенс Даллендёрфер, Wilo AMEAнын аймактык башкы мүдүрү:
– Казакстан – жаш өлкө, ал тынымсыз инновацияларды киргизип турат. Мындай чоң экономикада көп нерселерди абдан тез жасоого болот. Бул биздин баштоочу болуу принцибибизге да дал келет. Ошондуктан биз сиздерден көп нерсени үйрөнөбүз, анткени бул жерде көптөгөн жаңы идеяларды ишке ашыра алабыз. Белгилүү бир мааниде Казакстан биз үчүн үлгү болуп саналат.
Дагы бир немис компаниясы D.A.R. Metall AG казакстандык Qarmet менен жаңы биргелешкен долбоорго кызыкдар. Президент Касым-Жомарт Токаев ишкананын башкармалыгынын төрагасы Кристиан Артнер менен кызматташтыктын келечегин талкуулады. Тараптар немис технологияларын киргизүү жана өндүрүштүк долбоорлорду өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүштү. Компания ошондой эле Алатауда тиричилик жана өнөр жай калдыктарын кайра иштетүүгө катышууну карап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

