Казакстандын экономикасы быйылкы жылдын жети айында 4% ашык өстү. Улуттук экономика министрлиги белгилегендей, негизги драйвер чийки эмес тармактар бойдон калууда. Алгачкы орунда иштетүүчү өнөр жай турат — бул жерде өндүрүштүн көлөмү дээрлик 9% жогорулады. Ошондой эле фармацевтика, металл буюмдарын өндүрүү, химия тармагы жана унаа куруу тармагы да жогорку темп менен өнүгүүдө. Курулуш, транспорт жана соода тармактарында да оң динамика сакталууда — тиешелүүлүгүнө жараша болжол менен 15, 7 жана 6%. Айыл чарбасы 5%, ал эми байланыш тармагы 4% ашык өстү.
Которгон: Назира Бегалиева

