Казакстан авиациялык коопсуздуктун жогорку деңгээли боюнча ТОП-20 өлкөнүн катарына кирет. ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы боюнча эл аралык стандарттарга шайкештик көрсөткүчү 95,7% түздү. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору жана Борбордук Азиядагы эң мыкты жыйынтыктардын бири. Өлкөнүн жетишкендиктери Астанада биринчи жолу өтүп жаткан ИКАОнун авиациялык коопсуздук жумалыгында эл аралык серепчилер тарабынан жогору бааланды. Форум 62 өлкөдөн миңден ашык тармактын өкүлдөрүн бириктирди. Казакстанга биринчи жолу Уюмдун Башкы катчысы Хуан Карлос Саласар келди. Анын айтымында, авиациялык коопсуздуктун жогорку деңгээли өлкөнүн эл аралык транспорттук түйүн катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Хуан Карлос Саласар, ИКАОнун башкы катчысы:
– Мен айта алам, мындай жогорку деңгээлдеги стандарттарды сактоо Казакстан үчүн Евразия аймагынын ири жүк жана жүргүнчү ташуу түйүнү катары өлкөнү өнүктүрүү үчүн абдан жакшы шарттарды түзөт. Биз Казакстанды бул ишти улантууга чакырабыз. Мен муну министр, министрдин орун басары жана Жарандык авиация комитетинин төрагасы менен талкууладым. ИКАО Казакстан менен жогорку стандарттарды сактоо боюнча кызматташтыгын улантат.
Ошол эле учурда Казакстан АКШга түз авиакаттамдарды ишке киргизүүгө даярдыгын улантууда. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, америкалык адистер казак жарандык авиация системасын текшерүүдөн өткөрүп, алдын ала жогорку баа беришкен. Расмий жыйынтыктар жетинин айында күтүлөт. Жылдын аягына чейин министрлик америкалык авиация бийликтеринин талаптарына жооп берет деп үмүттөнөт. Бул 2027-жылы өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу жолунда маанилүү этап болот.
Талгат Ластаев, Транспорт вице-министри:
– Бештин айында Dreamliner күтүлүүдө. Башкача айтканда, мындай каттамдарды аткара ала турган учак. Демек, аны эксплуатациялоону баштоо үчүн экипаждар, техниктер белгилүү бир сааттык учууларды аткарышы керек. Менин оюмча, бардык талаптар аткарылса, кийинки жылдын ичинде түз каттамды ачууну күтүп жатабыз. АКШнын аймагында Нью-Йорк каралууда. Ага ылайык, мында Казакстанда биздин артыкчылыгыбыз Астана.
Эл аралык форумдун негизги темасы авиация коопсуздугунун келечеги болду. Серепчилер жасалма интеллектти колдонууну, санариптик коргоо системаларын өнүктүрүүнү жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүнү талкуулашууда. Аба инфраструктурасынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жаңы технологияларга өзгөчө көңүл бурулду. Талкуулардын жыйынтыгы келерки жылы Монреалдагы ИКАОнун штаб-кеңсесинде өтүүчү жогорку деңгээлдеги конференцияда сунушталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

