Эксперттер шайлоо алдындагы өнөктөштүктө теледебаттардын ролуна баа беришти

Эксперттер шайлоо алдындагы өнөктөштүктө теледебаттардын ролуна баа беришти

Үгүт иштеринин соңку этабында партияларды чагылдырган талапкерлерге көбүрөөк көңүл бурулууда. Шайлоочулар алардын программасын канчалык деңгээлде түшүнүктүү түшүндүрүп жатканын жана командада иштей ала тургандыгын баалашат. Саясат таануучулар, анын ичинде Jibek Joly каналындагы теледебаттар да саясий бирикмелердин позицияларын гана эмес, алардын кадрдык потенциалын да баалоого жардам берерин белгилешет.


Елдос Жумагулов, саясат таануучу:


– Партия бул шайлоону утуп алуу үчүн келет. Мисалы, акыркы теледебаттарда экиден спикер катышты, бул командалык иш. Демек, алар бири-бирин толукташкан. Максаты - программасын, максаттарын мүмкүн болушунча ар тараптуу көрсөтүү. Алар кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жетишет. Бул процесс, тирүү процесс, ошондуктан бардыгы идеалдуу болбойт, бирок бул партиянын ресурстарынын, адамдык потенциалынын көрсөткүчү.


Курултайдын жаңы курамы жаңыртылган Конституциянын шарттарында иштей баштайт. Ошондуктан серепчилер алдыдагы шайлоону мыйзам чыгаруу бийлигинин жаңы системасына өтүүнүн практикалык этабы катары карашат.


Назгуль Магжан, Астана шаардык акимчилигинин аялдар жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча комиссиясынын төрайымынын орун басары:


– Партиялардын активдүүлүгү менен бирге коомчулуктун шайлоо кампаниясына болгон кызыгуусу да өсүүдө. Серепчилер саясий бирикмелер калк менен барган сайын көбүрөөк жана тыгызыраак өз ара аракеттенип жатканын белгилешет. Мында алар ар кандай форматтарды колдонушат – түз эфирлер, жолугушуулар жана жарандардын ар кандай топтору менен даректүү иштер.


Которгон: Назира Бегалиева