Жети партиянын лидерлери Курултайга шайлоонун алдында сөз сүйлөштү

Жети партиянын лидерлери Курултайга шайлоонун алдында сөз сүйлөштү

Казакстанда Курултайдын алгачкы тарыхый шайлоолоруна чейин партиялардын акыркы теледебаттары өттү. Жети саясий бирикменин төрагалары – «Respublica», «Baytaq», «Ак жол», «Адилет» партиясы, «Айыл», Жалпы улуттук социал-демократиялык партия, Казакстан Элдик партиясы – ата мекендик телеканалдардын биринде позицияларын билдиришти. Талкуунун негизги темасы – экономиканын өсүшү жарандардын бакубатчылыгына кандай таасир этиши керек деген маселе. Белгилей кетсек, буга чейин саясий бирикмелер шайлоо алдындагы талкууларга, анын ичинде биздин каналдын түз эфирине үч жолу катышкан. «Jibek Joly» каналында алар уникалдуу – командалык форматта өткөн. Бул жолу да талкуу төрт раундда өттү. Каршылаштардын өз ара суроолору талаш-тартышты динамикалуу кылды. Мындан тышкары, шайлоочулар да саясатчыларга суроолор менен кайрыла алышты. Дебаттар партия лидерлеринин акыркы кайрылуулары менен жыйынтыкталды. Саясат таануучу Арман Токтушаков мындай жолугушуулар жарандарга шайлоо алдындагы программаларды жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин белгиледи. Айтымында, ачык талкуу саясий күчтөрдүн позицияларын салыштырып, аң-сезимдүү тандоо жасоого мүмкүндүк берет.


Арман Токтушаков, саясат таануучу:


– Теледебаттар аркылуу, партиялар өзүнүн негизги шайлоо программасынын тезистерин так, тереңирээк жеткире алышат. Мисалы, эгерде спикерлерге, бири-бирине же журналисттерге суроолор берилсе, бул суроолор аркылуу шайлоо убадаларынын аткарылуу механизмдери ачыкка чыгат. Экинчиден, бул коомдук спикерлер үчүн өздөрүн ачык, коомдук саясатчы катары көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Башкача айтканда, ачык талкуулар, коомдук талкуулар аркылуу. Дагы бир жагдай, бул идеологиялык берилгендигин дагы бир жолу көрсөтүү.

Которгон: Назира Бегалиева