Эксперттер Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча кайрылуусунун багытын колдошууда

Эксперттер Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча кайрылуусунун багытын колдошууда

Дыйкандарга алдыдагы ишин узак мөөнөткө пландаштырууга мүмкүндүк берген кеңири масштабдагы каржылоо системасы керек. Президенттин кайрылуусунда көтөрүлгөн бул маселени ата мекендик серепчилер да колдоп жатышат. Экономист Бауыржан Ыскак жер иштеткен айыл эмгекчилерин узак мөөнөттүү инвестициялык ресурс менен камсыздоо өз кесибинин өнүгүшүнө жол ачарын белгилейт. Президенттин да айтайын дегени ушул. Жеңилдетилген шарттар менен каржылоо көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1 трлн теңгеден 1,5 трлн теңгеге чейин көбөйдү. Ошентсе да ал каражат толуктоо үчүн жумшалууда. Дыйкандарга өнүмдөрүн терең иштетүү ишин өнүктүрүүгө шарт түзүлүшү керек дейт серепчи. Ал үчүн санариптик технологиялардын артыкчылыктары айылдагы чакан чарбаларга да жеткиликтүү болушу тийиш. Талааларда АI-чечимдерин колдонуу, суу үнөмдөө технологиясын киргизүү да Кайрылууда жүктөгөн милдеттердин бири.

Бауыржан Ыскак, экономист:

– Эгер айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөр санариптик технологияларды натыйжалуу пайдалана алышса, азыркы учурдагы көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүнчүлүк алышат. Биринчи кезекте, албетте, бул сатуу рыногунун кеңейиши. Президенттин бул кайрылууда айткан эң негизги максаты - ушул айыл чарбасы менен алектенген дыйкандарга узак мөөнөттүү каржы берүү. Башкача айтканда, мунун чоң артыкчылыгы - эми дыйкандар алган насыямды качан кайтарам деп баш оорутпай, эгер ал 7-8 он жылга чейин бериле турган болсо, анын негизги максаты ушул эгилген эгиндин жана багып жаткан малдын өнүмдүүлүгү менен алектенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков