Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Медициналык борбордун ооруканасында нейрохирургдар мээ кабыгынын шишиктерин дарылоодо аз инвазивдүү ыкманы колдонуп жатышат. Бул — эмболизация ыкмасы. Ал шишикти кан менен камсыз кылган тамырларды бөгөп, анын көлөмүнүн акырындык менен кичирейишине шарт түзөт. Ал үчүн дарыгерлер сандын артериясындагы кичинекей тешик аркылуу ичке катетерди киргизип, атайын затты жеткиришет. Процедура ачык операциясыз жүргүзүлөт. Мындай дарылоодон өткөн бейтаптардын бири — Ляззат Елеусизова. Процедурадан кийин ал тез калыбына келип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүнөн үзгүлтүксүз өтүп турат.
Ляззат Елеусизова, бейтап:
– Операция ийгиликтүү өттү, өзүмдү жакшы сезип жатам, дээрлик бир жыл болуп калды, жакында МРТга түшсөм, шишик бир кыйла кичирейгенин айтышты, азырынча эч кандай божомол айтышкан жок, бирок дайыма көзөмөлдө болушум керектигин эскертишти, абалым жакшы.
Исламбек Мусабеков, нейрохирург:
– Биз Компьютердик томография жана МРТ сүрөттөрүнөн шишиктин кичирейгенин, ал тургай таптакыр жоголуп кеткенин байкап жатабыз. Акыркы маалыматтарга ылайык, мындай ыкмалар менен Американын, Италиянын, Германиянын жана Индиянын алдыңкы клиникаларындагы кесиптештерибиз алектенишет.
Бул ыкманын натыйжалуулугу эл аралык деңгээлде да изилденип жатат. Казакстандык адистер катышкан изилдөөдө төрт медициналык борбордон 40 бейтаптын маалыматтары талданды. Бир жылдан кийин шишиктердин көлөмүнүн медианалык кыскарышы дээрлик 82%ды түздү. Бирок бул технология бардык бейтаптарга эле ылайыктуу эмес жана анын узак мөөнөттүү натыйжалары кошумча изилдөөнү талап кылат. Казакстанда мындай дарылоо милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруунун алкагында жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

