Чет өлкөлөрдө казакстандыктардын Курултайга шайлоого катышуусу 84,4% түздү

Чет өлкөлөрдө казакстандыктардын Курултайга шайлоого катышуусу 84,4% түздү

Бардык 79 чет өлкөлүк шайлоо участкалары ишин аяктады. Бүгүн Астана убактысы боюнча эртең мененки  саат 8де АКШнын Сан-Франциско шаарындагы Казакстандын Башкы консулдугунун акыркы чет элдик шайлоо тилкеси  жабылды. Буга чейин Вашингтондо жана Нью-Йоркто, ошондой эле Европада – Улуу Британияда жана Финляндияда жашаган мекендештерибиз өз тандоосун жасашкан. Эске салсак, Казакстандын сыртында жалпысынан 61 өлкөдө 79 шайлоо участкасы ачылган.


Айман Искакова, Калифорния университетинин студенти:


– Чет өлкөдө болсом да, өлкөбүздө болуп жаткан маанилүү окуяларды өткөрүп жибербөөгө аракет кылам. Ал эми мындай күндөрү ар бирибиз өзүбүздүн конституциялык укугубузду пайдаланууга даяр болушубуз керек. Мен Сан-Францискодогу бул шайлоо участкасына жарандык позициямды көрсөтүү үчүн келдим.


Зульфия Курманбекова, Филология илимдеринин ассоциацияланган профессору:


– Чет өлкөдө болгондугума карабастан, өлкөмдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө кайдыгер карабайм.  Бүгүн мен Вашингтондогу Казакстандын Элчилигине жарандык укугумду пайдаланып, тандоо жасоо үчүн келдим. Ар бир казакстандык үчүн өз тандоосун эркин жасоо мүмкүнчүлүгү – бул биздин жоопкерчилигибиз.


Эске сала кетсек, кечээ Азия өлкөлөрүндөгү казакстандыктар - Корея Республикасы, Жапония, Кытай, Сингапур, Малайзия, Монголия, Индонезия, Таиланд жана Вьетнамда биринчи болуп добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Андан соң мекендештерибиз Австрия, Бельгия, Германия, Испания, Италия, Венгрия, Словакия, Франция, Швейцария, Португалиядагы шайлоо участкаларында добуш берүүнү улантышты. Жалпысынан, Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө жашаган казакстандыктар Курултай шайлоосуна активдүү катышып, шайлоочулардын 84,4% добуш берген.

Которгон: Назира Бегалиева