Заманбап таңгактагы даяр эт, курамына курут, каймак сыр жана талкан кошулган шоколад, ошондой эле кургак түрүндө кымыз жана шубат. Бээжинге ата мекендик өндүрүшчүлөр казактын улуттук даамдарын алып барып, тааныштырды. Кытайдын борборунда Казакстанда жасалган өнүмдөр жана өлкөнүн экспорттук дарамети көрсөтүлдү. Мындан тышкары, ата мекендик дизайнерлердин ар кандай мода коллекцияларынан улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн зер буюмдар жана кийимдердин моделдери коомчулукка сунушталды. Белгилей кетсек, Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2025-жылы өлкөнүн жалпы экспорту болжол менен 80 миллиард долларды түздү. Алардын 20%га жакыны КЭРна жеткирилди.
Айнур Амирбекова, «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн орун басары:
– Сунушталган казакстандык өнүмдөр кытайлардын гана эмес, эл аралык соода өкүлдөрүнүн да кызыгуусун жаратты. Бизнес жолугушуулар жана кытайлык импорттоочулар үчүн ата мекендик дизайнерлердин мода коллекцияларынын жабык презентациялары уюштурулду. Сүйлөшүүлөр конкреттүү ишке айланып баратат. Бээжиндеги «Алтын Талаа» соода борборунда казакстандык дизайнерлердин коллекциялары көрсөтүлдү. Бул аянтча кытай рыногунда ата мекендик мода өнүмдөрүн туруктуу жылдырууга мүмкүндүк берет. Ал эми кээ бир казакстандык товарлар башка базарларда, анын ичинде Гонконгдогу соода борборлорунда коюла баштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

