Казакстанда адам менен учкан биринчи учкучсуз аэротакси учурулду. Астанада өткөн сыноолор өлкөнүн транспорт тармагы үчүн маанилүү окуя болуп, заманбап авиациялык технологияларды өнүктүрүүнүн жаңы этабын ачты. Учуу «Келечек Илимдери – 2026» эл аралык мелдешинин алкагында өттү. Демонстрация үчүн эки жүргүнчүгө ылайыкталган электрдик тик учактар колдонулган. Ал бир зарядда саатына 130 километр ылдамдыкка жетип, 35 километр аралыкты басып өтө алат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, алгач туристтик жана тааныштыруучу аба каттамдары ишке киргизилет. Алар 5 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин созулуп, табигый, маданий жана тарыхый кооз жайлардын үстүнөн жүргүзүлөт.
Которгон: Назира Бегалева

