Казакстандын Өкмөтү ата мекендик автоөнөр жайды колдоону күчөтүүдө

Казакстандын Өкмөтү ата мекендик автоөнөр жайды колдоону күчөтүүдө

Казакстан автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууну жана аны экономиканын негизги жогорку технологиялуу тармактарынын бирине айлантууну көздөйт. Акыркы беш жылда бул тармакка 457 миллиард теңге инвестиция тартылган. Автоунаа чыгаруу башында үч миң унаадан башталып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 170 миңден ашык унааны түздү. Оң динамика быйыл да сакталууда. Мисалы, алты айдын ичинде ишканалар 94 миңден ашык унаа чыгарышкан. Бул былтыркыга караганда 35% көп. 2026-жылдын аягына чейин 190 миң унаа чыгаруу пландалууда. Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Олжас Бектенов инженердик кадрларды даярдоону күчөтүүнү жана мыйзамсыз унаа алып кирүүнү токтотуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле ал автокомпоненттерди өндүрүүнү ылдамдатууну, электрозаряддоо станцияларынын тармагын кеңейтүүнү жана электромобилдер үчүн кубаттагычтарды чыгаруу боюнча долбоорлорду колдоону тапшырды.


Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


– Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, 2030-жылга чейин электромобилдер дүйнө жүзү боюнча жалпы автоунаа сатуунун 40% ашыгын ээлейт. Дүйнөлүк автоөнөр жайы да электр менен жүрүүчү жүк ташуучу унааларды колдонууга ыкчам өтүүдө. Учурда өлкөнүн негизги автожолдорунун боюнда 70ке жакын электр кубаттоочу станция иштейт. Жакында «Car Park Transformer» компаниясы менен 2030-жылга чейин 250 жол боюндагы тейлөө станцияларын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду. Жаңы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен тиешелүү инфраструктураны жигердүү өнүктүрүүнү улантуу зарыл.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков