Мамлекет
башчысы Касым-Жомарт Токаев казакстандык курама команданы VI Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндарына ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктады. Президент казак спортчулардын
жан аябастыгын, эмгекчилдигин жана эркиндигин белгиледи. Бул тууралуу
Президенттин кеңешчи – Басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди. Касым-Жомарт
Токаев өлкөнүн эл аралык беделин, улуттук спорт түрлөрү өнүккөн мамлекет катары
бекемдөөгө салым кошкон спортчуларга, машыктыруучуларга жана адистерге
ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндарынын жыйынтыгы боюнча казакстандык курама команда медаль эсебинде биринчи
орунду ээлеп, 74 медалга ээ болду – алардын 32 алтын, 20 күмүш жана 22 коло.
Экинчи орунду мелдешти өткөргөн өлкө – Кыргызстан ээледи, алардын капчыгында 30
алтын медаль бар. Үчүнчү орунду орусиялык спортчулар ээледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

