Казакстанда жасалма интеллект жана санариптештирүү айлыгы өтөт

Казакстанда жасалма интеллект жана санариптештирүү айлыгы өтөт

Аяк оона айынын 23нөн баштап Казакстанда AI MONTH – жасалма интеллект жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү башкы окуялардын айы башталат. Программаны HackAlem AI ачат – бул дүйнөдөгү ири хакатондордун бири. Командалар өлкөнүн экономикасынын он тармагы үчүн чечимдерди сунушташат. Байге фонду 1 миллион 100 миң долларды түзөт. Андан кийин KazHackStan жана C5+1 эл аралык аянтчасы өтөт. Серепчилер киберкоркунучтарды, маалыматтарды коргоону жана жасалма интеллектти жөнгө салууну талкуулашат. Мындан тышкары, медицина жана робототехникада жаңы технологиялар сыналат. Кийинки ири окуя Astana AI Film Festival болот. Ал Астанада тогуздун айынын 1-3 күндөрү өтөт. Көрүүчүлөргө жасалма интеллект аркылуу жаратылган тасмалар көрсөтүлөт. Сынакка 125 өлкөдөн сегиз миңден ашык арыз келип түшкөн. Фестивалдын байге жана инвестициялык фонду – 2 миллион доллар. Программаны AI & Digital Bridge форуму жыйынтыктайт. Ал дүйнө жүзүндөгү ири технологиялык компаниялардын, инвесторлордун, стартаптардын жана талдоочулардын өкүлдөрүн бириктирет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков