Астанада критикалык материалдар боюнча улуттук лаборатория түзүлөт

Астанада критикалык материалдар боюнча улуттук лаборатория түзүлөт

Казакстанда өтө маанилүү материалдар тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Өлкө чийки зат казып алуудан жогорку технологиялуу кайра иштетүүгө өтүүнү көздөйт. Ошентип, Казакстандын глобалдык өндүрүштүк чынжырчалардагы позициясын бекемдөө үчүн Астанада өтө маанилүү материалдар боюнча улуттук лаборатория түзүлөт. Ал сейрек жана сейрек кездешүүчү металлдардын ата мекендик чийки зат базасынын дараметин баалоого жана жаңы өндүрүштөрдү өздөштүрүүнүн келечегин аныктоого жардам берет. Иш төрт багытта жүргүзүлөт. Бул кубаттагыч материалдарын чыгаруу, реактивдүү кыймылдаткычтардын тетиктери жана жарым өткөргүч өнөр жайы үчүн материалдарды кайра иштетүү жана өндүрүү, ошондой эле туруктуу магниттерди чыгаруу үчүн толук циклди түзүү. Мындай өнүм автоунаа жасоодо, авиацияда жана альтернативдик энергетикада суроо-талапка ээ.

Нурлыбек Налибаев, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары:

– Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу менен долбоорлордун пулу түзүлдү. Аларды ишке ашырууга немис «Bergbau AG», Кореянын геология, геофизика жана минералдык ресурстар институту, австралиялык «Lindian Resources Limited» жана башка эл аралык уюмдар тартылат.

Критикалык маанилүү материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн чийки зат базасын кеңейтүү талап кылынат. Ошондуктан Казакстанда жер астын изилдөө жана алдыңкы чалгындоо ыкмаларын киргизүү активдештирилүүдө. Биринчи жолу 1ден 50 миңге чейинки масштабдагы мамлекеттик геологиялык чалгындоо иштери башталды. Кийинки үч жылда 100 миң чарчы чакырым аянтта 20 долбоор ишке ашырылат. Дагы жашырылган кендерди аныктоо үчүн жасалма интеллект, спутник сүрөттөр жана дрондор колдонулат. Алгачкы жыйынтыктар жети участканын дараметин көрсөттү. Келерки жылы аларды аукционго коюу пландалууда. Ошол эле учурда өлкөдө Жер астын пайдалануунун бирдиктүү платформасы түзүлүүдө. Бул геологиялык маалыматты бир жерге топтоого жана жаңы келечектүү кендерди аныктоо үчүн колдонууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков