Астанада энергетика тармагындагы алдыңкы иштеп чыгуулар сунушталды

Астанада энергетика тармагындагы алдыңкы иштеп чыгуулар сунушталды

Казакстандын чийки заты заманбап аккумуляторлорду өндүрүүдө жана суутек энергетикасын кеңейтүүдө колдонулушу мүмкүн. Бул долбоорду ата мекендик окумуштуулар Астанада өткөн INESS-2026 эл аралык конференциясында сунушташты. Иш-чарага Европа, Азия, Африка жана Америкадан келген 10дон ашуун өлкөнүн алдыңкы адистери катышууда. Алар жакынкы жылдары энергетика тармагын өзгөртө ала турган жаңы иштеп чыгууларды талкуулашууда. Конференциянын негизги темалары катары заманбап аккумуляторлор, энергияны топтоо системалары, жасалма интеллектке негизделген технологиялар, «акылдуу» сенсорлор жана экстремалдык шарттарда иштей ала турган материалдар каралууда. Адистердин пикиринде, дал ушундай инновациялык чечимдер дүйнөлүк энергетиканын жана жогорку технологиялуу өнөр жайдын келечектеги өнүгүүсүнүн негизин түзөт.

Алия Муканова, Nazarbayev Universityнин жетектөөчү илимий кызматкери:

– Бул сейрек кездешүүчү металлдарды ар кандай технологияларда жана энергетика тармагында пайдаланууга багытталган долбоор. Азыр биз бул багытта жигердүү иш алып барып жатабыз жана жакынкы келечекте атайын программаны ишке киргизебиз. Ал суутек энергетикасы үчүн катализаторлордо, учурда активдүү иштеп чыгып жаткан жогорку өткөрүмдүү материалдарда колдонулат. Биз бул иштеп чыгууларды өндүрүшкө жакын деңгээлге чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз.

Конференциянын жүрүшүндө 100дөн ашуун илимий иштеп чыгуу сунушталды. Алардын катарында чет өлкөлүк окумуштуулардын долбоорлору да бар. Алсак, орусиялык окумуштуулар сууну электролиздөө аркылуу «жашыл» суутек өндүрүү технологиясын тааныштырышты. Бул ыкма кайра жаралуучу энергия булактарынын эсебинен экологиялык жактан таза отун өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Мында жасалма интеллект эң ылайыктуу материалдарды тандоого жардам берип, технологиянын өздүк наркын төмөндөтүп, анын натыйжалуулугун жогорулатат.

Сергей Левченко, Сколково илим жана технологиялар институтунун Энергетикалык технологиялар борборунун доценти:

– Эгер электр энергиясы «жашыл» булактардан өндүрүлсө, анда суутек көмүр кычкыл газы жана башка парник газдары бөлүнүп чыкпастан алынат. Эгер Казакстанга «жашыл» суутек керек болсо, анда биз иштеп чыккан материалдар бул багытта пайдалуу болушу мүмкүн. Суутек ар кандай тармактарда колдонулат. Ал өзүнчө отун катары пайдаланылат, бул суутек энергетикасы деп аталат. Ошондой эле химия өнөр жайында да кеңири колдонулат.

Которгон: Назира Бегалиева