Казакстандык IT адистери шылуундар менен сүйлөшүүнү модельдеген
интерактивдүү тренажер иштеп чыгышты. Аны менен жарандар киберкоопсуздук боюнча
көндүмдөрдү өздөштүрө алышат. Долбоор Астанадагы Alem.ai борборунда өткөн Cyber
Steppe конференциясында көрсөтүлдү. Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик
системалардын кибер туруктуулугун, жасалма интеллекттин өнүгүшүнөн келип чыккан
заманбап санариптик коркунучтарды, ошондой эле санариптик рыноктун талаптарын
талкуулашты. Конференцияга 3 миңден ашык катышуучу катталган жана алар
мамлекеттин, бизнестин, IT-коомчулуктун өкүлдөрү. Адистер интерактивдүү
форматта мастер-класстарды өткөрүп, калкка санариптик коопсуздуктун негизги
эрежелерин түшүндүрүштү.
Гүлдана Жуматай, Citizensec
долбоорунун менеджери, киберкоопсуздук боюнча адист:
– Биздин негизги максатыбыз – бул кибермаданияттын өнүгүшүнө ар бир адамдын кандай салымы бар экенин аныктоо. Мындан тышкары, Digital Code азыр пайда болду. Ал эми «киберкоопсуздук» термини биринчи жолу ошол жерде киргизилген. Бул Интернетте өзүңүздү кантип коргоону, кандай маалыматты бөлүшө аласыз жана бөлүшө албай турганыңызды билдирет. Биз бул жөндөмдү тренинг аркылуу гана эмес, интерактивдүү тренажер, башкача айтканда, шылуундар менен өз ара аракеттенүүнү симуляциялаган чөйрө аркылуу да өнүктүрдүк. Ал жакында eGov Mobile аркылуу жеткиликтүү болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

