Бүгүн Казакстандын Президенти телекөпүрө аркылуу бир нече автоунаа жолунун курулушун расмий түрдө баштап берди. Алардын бардыгы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул Кызылордо – Саксаулск, Улгайсын – Саксаулск жана Бейнеу – Саксаулск багыттары. Акыркы магистралдын узундугу 800 чакырымды түзөт. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бул жол эл аралык башкы транспорттук артерияга айланууга тийиш.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстандын аймактарын өз ара байланыштырган бул жол Кытай менен Европаны бириктирген «алтын көпүрөгө» айланат. Долбоор Кытай менен чек арадагы өткөрмө бекеттерди Актау жана Курык порттору менен түз байланыштырмакчы. Натыйжада Кытайдан Европага жүк ташуу аралыгы миң чакырымга кыскарып, жеткирүү мөөнөтү үч күнгө чейин азаят. Ал эми Бейнеу – Саксаулск автоунаа жолу республикалык, аймактык жана трансконтиненталдык деңгээлдеги негизги транспорттук артерия макамына ээ болот. Ошондуктан бул каттам үчүн «Арал – Каспий магистралы» деген ат эң ылайыктуу.
Мамлекет башчысы бардык долбоорлорду 2029-жылдан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды. Үч жол пайдаланууга берилгенден кийин жүк ташуу көлөмү 2,5 эсеге өсүп, жылына 13 миллион тоннадан ашат. Жалпысынан өткөн жылы өлкөдөгү жүк ташуу көлөмү 6 пайызга көбөйүп, 37 миллион тоннага жакындады. Ал эми автоунаа аркылуу жүк ташуудан түшкөн киреше 1,5 триллион теңгеге жетти. Бүгүнкү күндө автоунаа жүк ташуулары кирешеси боюнча темир жол транспортуна дээрлик теңелди. Бул Казакстандын Европа менен Азияны байланыштырган ири транзиттик-логистикалык борборлордун бирине айлануу жолундагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ошондуктан негизги милдет — жолдорду куруу менен гана чектелбестен, заманбап санариптик экосистеманы түзүү. Ата мекендик автоөнөр жайдын катышуусу менен жергиликтүү жүк ташуучуларды колдоонун улуттук программасын кабыл алуу бул тармактын мүмкүнчүлүгүн бир нече эсеге арттырат. Мунун баары Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Арал айланасындагы ээн талааларда салынган өмүр жолдору мурда туюк болгон каттамдарды Евразиянын башкы унаа магистралдары кесилишкен маанилүү түйүнгө айлантат.
Которгон: Назира Бегалиева

