Казакстандын алдыңкы укук коргоочулары, саясат
таануучулары жана социологдору Астанада «Sarap» клубунун эксперттик аянтчасында
чогулушту. Жолугушууга катышкандар Курултайга шайлоонун жыйынтыгын жана
партиялык системаны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Парламенттин ишинин
укуктук негиздери да сөз болду. Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун
башкармалыгынын төрагасынын орун басары Азамат Байгалиев бир палаталуу
Курултайдын ролу бир топ жогорулай турганын белгиледи. Анын алдыдагы
өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн укуктук базаны түзүү милдети турат.
Азамат Байгалиев, Казакстан коомдук өнүгүү институтунун
башкармалыгынын төрагасынын орун басары:
– Жакында Курултай бир катар конституциялык мыйзамдарды,
жарандарыбыздын жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган ар кандай мыйзамдарды
кароого тийиш. Ошондуктан, бул жерде мамлекет башчысынын демилгелерине, азыркы
экономикадагы негизги багыттар менен байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү
бар. Мамлекет башчысы жакында бизди масштабдуу өзгөрүүлөр күтүп турарын бекеринен
белгилеген жок. Ал эми Курултайдын саясий салмагын арттыруу жагынан алганда,
бул жерде чоң роль ойношу керек.
Бул шайлоо өнөктүгүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири
катары серепчилер өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларга болгон жогорку
кызыгууну аташты. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн
орун басары Алуа Жолдыбалинанын айтымында, быйыл Курултайга шайлоодо 777
байкоочу катталган, алар 42 мамлекеттен жана 13 уюмдан. Бул өлкөдөгү шайлоо
өнөктүктөрү үчүн болуп көрбөгөндөй көрсөткүч.
Алуа
Жолдыбалина, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун
мүдүрүнүн орун басары:
– Менин көз карашымда, шайлоолорго эл аралык байкоочулардын катышуусу шайлоо өнөктүгүн гана эмес, жалпы эле Казакстанды, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларды баалоо болуп саналат. Жаңы Конституциянын шарттарында, казак коомунун Курултайды түзүүгө кандай катышкандыгы, жарандардын жарандык активдүүлүгүн жана саясий маданиятынын деңгээлин канчалык деңгээлде көрсөткөндүгү да маанилүү. Мунун баары да татыктуу баасын алат.
Которгон: Назира Бегалиева

