Астанада Al Jazeera Week долбоорунун экинчи сезону башталды

Астанада Al Jazeera Week долбоорунун экинчи сезону башталды

Казакстанда Al Jazeera медиа борбору ишке кирди. Эл аралык долбоор экинчи жолу уюштурулуп жатканын белгилей кетүү керек. Анын алкагында журналистика адистигинде окуган жергиликтүү студенттерге жана тармак адистерине Al Jazeera медиа институтунун адистери лекция окушат. Курс учурунда угуучулар маалыматтык журналистика, санариптик баяндоо, журналисттик иликтөө, мобилдик журналистика, фактчекингтин негиздерин өздөштүрүп, тажрыйба алмашышат. Жалпысынан 100 саатты камтыган окуу программасын ийгиликтүү аяктагандарга сертификат берилет. Эске сала кетсек, 2024-жылы Президент Касым-Жомарт Токаев Катарга сапары учурунда эки өлкөнүн лидерлери бир катар келишимдерге жетишишкен. Алардын бири Al Jazeera менен Президенттик телерадиокомплексинин ортосундагы келишим болуп саналат.


Еркежан Күнтуган, Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплексинин мүдүрүнүн орун басары:


– Президенттин Телерадиокомплекси жыл сайын дүйнөдөгү ири медиа басылмалар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен келишим түзөт. Бул келишимдердин бардыгы биздин кызматкерлерибиз үчүн гана эмес, Максут Нарикбаев университетинин студенттери үчүн да улантылса деген үмүтүбүз бар. Ага чейин биз China Media groupe жумалыгын өткөрдүк. Башкача айтканда, дүйнөнүн алдыңкы ЖМК каражаттары келип, бир жума бою биздин студенттерге жана биздин медианын журналисттерине сабак берет.


Айгүл Жамалова, Айгүл Жамалова, MNU Эл аралык журналистика мектебинин деканы:


– Бул тренингтин башкы максаты – студенттерге Эл аралык журналистиканын кесиптик деңгээлин көрсөтүү. Ошондуктан бул жерде теория окуткан лекторлор эмес, Al-Jazeera Эл аралык медиа тармагында иштеген адистер келет. Алар бир апта бою жети багыт боюнча студенттерге практикалык билим беришет. Биринчи күн таанышууга арналса, кийинки күндөрү студенттер топ менен же жекече иштеп, өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгышат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков