Астана гик-маданияттын борборуна айланды

Астана гик-маданияттын борборуна айланды

Ушул дем алыш күндөрү Казакстандын борборунда гик-маданиятынын ири фестивалы Comic Con өттү. Быйыл ал эки жерде бир эле учурда өткөрүлдү. Салт боюнча, анын көркү косплей болду. Коноктор аниме, кино, сериалдардын, видео оюндарынын сүйүктүү каармандарынын образдарында болушту. Фестивалга Астанага жылдыздуу коноктор да келишти. Алардын арасында – «Тактылар оюну» сериалынан көпчүлүккө тааныш Николай Костер-Вальдау болду. Биздин Silk Way телеканалына эксклюзивдүү маек бергенде, актёр жана продюсер улуттук казак суусундугу - кымыз менен таанышканын, Астананын панорамасын Байтеректен көрүп суктанганын жана Казакстанга кайрадан келгиси келерин айтты. Сүйлөшүү жасалма интеллект жөнүндө дагы болду. Николай Костер-Вальдау борбордо өтө турган Astana AI Film Festivalына көңүл бурду. Коноктун пикири боюнча, ал кинематографиянын жаңы багытынын бир бөлүгү болот.

Николай Костер-Вальдау, актёр, продюсер:

– Бизге жасалма интеллект баарын өзгөртөт деп айтышат. Албетте, кино өндүрүшүндө бул укмуштуудай курал. Менин билишимче, Астанада жасалма интеллект аркылуу жаралган тасмаларга арналган кинофестиваль өтөт. Бул жакшы деп ойлойм. Мындай тасмалар өзүнчө багытка, кинематографиянын дагы бир бөлүгүнө айланат. Ал эми салттуу кинодо жана телекөрсөтүүдө жасалма интеллект башка бардык куралдар сыяктуу эле кошумчалардын бири болот.

Которгон: Назира Бегалиева