Өкмөттө Алматы агломерациясынын транспорттук байланышы талкууланды

Өкмөттө Алматы агломерациясынын транспорттук байланышы талкууланды

«Алматы – Каскелен» автожолунун тилкеси эки эсе кеңейет: тилкелердин саны төрттөн сегизге чейин көбөйөт. Жумушту теке айынын 20да баштоону пландашууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын тапшырмаларын аткаруу боюнча жыйында, Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында белгилүү болду. Долбоорду каржылоо Казакстандын өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлөт. Объектти 2027-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.


Толеген Абдуллин, Транспорт министрлигинин Автоунаа жолдор комитетинин төрагасы:


– Долбоордо 8 айланма жол жана 9 жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү жол каралган. Бул долбоорду модернизациялоонун жыйынтыгында аталган тилкеде тоскоолдуксуз өтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылабыз. Мындан тышкары, бул тилкедеги транспорттык жолдордун курулушун эске алып, токтобой өтүү мүмкүнчүлүгү болот.


Белгилей кетсек, «Алматы – Каскелен» жолу Алматы агломерациясындагы эң көп тыгын болгон жолдордун бири бойдон калууда, анда суткасына 60 миңге чейин унаа каттайт. Аны бошотууга дагы бир долбоор багытталган. Ошентип, 32 чакырым аралыктагы, Узынагаш айылынан альтернативдик жол курулушу башталды. Жыйында Алматы-Есик, Алматы-Талгар багытындагы автожол долбоорлору каралды. Ошондой эле Алматы агломерациясында транспорттук байланышты, анын ичинде темир жол транспортун жана Алматы метросун өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков