Жасалма интеллект ядролук медицинада барган сайын активдүү колдонулууда.
Казакстанда ал Позитрондук-эмиссиялык томография компьютердик томография менен
изилдөөлөрүн талдоо үчүн буга чейин эле колдонулуп келет. Технология
дарыгерлерге сүрөттөрдү чечмелөөгө, радиофармацевтикалык препараттын топтолгон
санын баалоого жана пациенттин организминдеги патологиялык процесстерин
активдүүлүгүн локалдуу аныктоого жардам берет. Президенттин иш башкармалыгынын
медициналык борборунун ооруканасынын ядролук медицина борборунун жетекчиси Айгүл
Садуакасованын айтымында, мындай изилдөө ыкмасы дарыгерге эки түрдүү маалымат берет
– органдардын түзүлүшү жана ткандардын метаболикалык активдүүлүгү жөнүндө. Бул
шишиктин жайылышын аныктоого, метастаздарды табууга, дарылоонун натыйжалуулугун
баалоого же оорунун кайталанышын аныктоого мүмкүндүк берет.
Айгуль Садуакасова, Казакстан Республикасынын Ядролук медицина борборунун
жетекчиси:
– Жасалма интеллект ар дайым диагноз коюунун куралы болуп
келген. Дары-дармектин дозасын өлчөө үчүн гана эмес, аныктоо үчүн жана
радиофармацевтикалык дары-дармектердин канчасы топтолгондугун аныктоо үчүн да. Бул
дары-дармек индексинин негизинде биз процесстин активдүүлүгүн аныктай алабыз.
Биздин изилдөөлөрүбүздүн көпчүлүгүндө бейтаптар дем алуу режиминде жүрүшөт, 40
мүнөт дем алууну токтото алышпайт, ошондуктан жасалма интеллекттин жардамы
менен изилдөө учурунда артефакттарды жок кыла алабыз.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда ядролук медицина 12 иштеп жаткан
борбор менен көрсөтүлөт. Жылына 12
миңден ашык радиоизотоптук изилдөөлөр жүргүзүлөт. Заманбап радиофармацевтикалык
препараттар ооруларды аныктоого гана эмес, аларды дарылоого да мүмкүндүк берет.
Мындай багыттардын бири - тераностика, мында диагностика жана терапия бир эле
радиофармацевтикалык препаратты колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Казакстанда
калкан безинин рагын дарылоо үчүн йод препараттары, ал эми сөөк метастаздары
бар онкологиялык бейтаптар үчүн самарий колдонулат.
Которгон: Назира Бегалиева

