«Акылдуу» хирургия: казакстандык дарыгерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

«Акылдуу» хирургия: казакстандык дарыгерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Борбор калаанын хирургдары жаңы муундагы «акылдуу» технологияларды өздөштүрүүдө. Жүрөк, баш мээ жана перифериялык артериялардын кан тамырларына аз инвазивдүү операцияларды жүргүзүү үчүн жогорку тактыктагы ангиографиялык система Астанадагы Президенттик ооруканада ийгиликтүү колдонулууда. Жыл башынан бери бул жерде заманбап жабдууларды колдонуу менен 800дөн ашуун операция жасалган. Анын жардамы менен диагностика да, операциялар да жүргүзүлөт. Изилдөө учурунда дарыгерлер организмдин керектүү жерлеринин деталдуу сүрөтүн реалдуу убакыт режиминде алышат, бул патологияларды тезирээк аныктоого жана процедура учурунда эле дарылоо чечимин кабыл алууга жардам берет. Көпчүлүк иштер кан тамырдын кичинекей тешиги аркылуу жасалат. Мындай ыкма организмге болгон жүктү азайтып, татаалдашуу коркунучун төмөндөтөт. Мындан тышкары, бейтаптар бир топ тез калыбына келишет. Операциянын татаалдыгына жараша алар эртеси эле стационардан чыга алышат.


Максат Темиркулов, Президенттин Иш башкармалыгынын Медициналык борборунун интервенциялык кардиологу:


– Бул бейтап үчүн да, дарылоочу дарыгер үчүн да эң коопсуз. Система өзү абдан сонун. Кайталай кетсем, бул акыркы муундагы, аз нурлануучу система. Буга чейин ачык ыкма менен жасалган операциялардын кээ бирлери азыр эндоваскулярдык жол менен жасалышы мүмкүн.

 

Айдарбек Кенжехан, бейтап:


– Мага инфаркт алдындагы абал деген диагноз коюшкан. Дароо ооруканага жаткырып, операция бөлүмүнө алып киришти. Ал жакта чоң монитордон жүрөгүмдүн иштешин, кандын айланышын, капиллярлар менен кан тамырлардын абалын жана кайсы кан тамырлар иштебей жатканын көрсөтүштү. Стент орнотулгандан кийин абалым дароо жакшырып, кайра эркин дем ала баштадым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков