Курултай конституциялык реформанын негизги
жыйынтыктарынын бири болуп калды. Ал Казакстанда коомдук-саясий өзгөрүүлөрдүн
жаңы этабын ачат. Мындай пикирин Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун
эксперт-консультанты Дидар Тебаев билдирди. Ошол эле учурда реформа мамлекеттик
бийлик системасын гана камтыган жок. Жаңы ченемдер жарандардын күнүмдүк жашоосу
менен да түздөн-түз байланыштуу. Конституция нике түшүнүгүн тактайт, ал эми жеке
маалыматтар биринчи жолу негизги мыйзам деңгээлинде заманбап санариптик
технологияларды эске алуу менен өзүнчө коргоого алынды.
Дидар Тебаев, Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун
эксперт-консультанты:
– Үй-бүлө жөнүндөгү жоболор, үй-бүлө деген эмне экендиги конституцияга киргизилген. Үй-бүлө деген бул эркек менен аялдын тең укуктуу биримдиги. Анын аныктамасын бекемдөө биздин салттуу баалуулуктарыбызды карманаарыбызды жана бул өзгөрбөс экендигин айтууга мүмкүндүк берерин түшүнүү маанилүү. Эмне үчүн? Анткени конституцияга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жалпы элдик референдум аркылуу гана киргизилет. Башкача айтканда, конституциябыз кандай болоорун, кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендигин эл чечет.
Дагы бир жаңы конституциялык кепилдиктер блогу бүгүнкү
күндө ар бир адамдын күнүмдүк турмушуна айланган санариптик чөйрөгө
байланыштуу. ЖИН (жеке идентификациялык номер), биометрия, банк операциялары
жана электрондук документтер кадимки куралдарга айланды. Ошондуктан, сөз
санариптик кызматтардын ыңгайлуулугу жөнүндө гана эмес, ошондой эле адамды жана
анын жеке маалыматтарын Конституция деңгээлинде коргоо жөнүндө болуп жатат.
Дидар Тебаев, Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун
эксперт-консультанты:
– Азыр санариптик технологиялар, анын ичинде алдамчылар тарабынан да активдүү колдонулуп жатат. Ал эми биздин жеке маалыматтарыбызды коргоо үчүн конституциялык-укуктук негиз талап кылынган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Казакстан, жасалма интеллект жөнүндө мыйзамды, санариптик кодексти кабыл алган алгачкы өлкөлөрдүн катарында. Анда негизги жоболор, анын ичинде биздин жеке маалыматтарыбызды коргоо бекитилген. Санариптик дүйнө – бул эртеңки күн эмес, бул бүгүнкү күн, жана биз маалыматтарыбыз корголушу керектигин түшүнөбүз. Бул, биринчи кезекте, Конституция тарабынан корголот.
Которгон: Назира Бегалиева

